Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Мунай жана газ жөнүндө” Мыйзамга каршы пикирин билдирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2012-жылдын 9-февралында кабыл алган “Мунай жана газ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы пикирин билдирди.

Мыйзамда ”Кыргыз Республикасынын аймагында мазуттан тышкары, алынган мунайды жана газды,аларды кайра иштетүүдөн алынган заттарды мөөнөттөрүн жана себептерин көрсөтүү менен календардык жылдын ичинде алты айдан ашык эмес мөөнөткө экспорттоого Өкмөт тыюу салууга укуктуу” экендиги каралган.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык жагуучу мазут, чийки мунайды кайра иштетүүнүн продуктусу болуу менен бир гана ишкана –“Кыргыз нефтегаз” ААК тарабынан ички рыноктун керектөөлөрүн жабуу үчүн жетиштүү болбогон көлөмдө өндүрүлөт.

Ички рынокту отун менен камсыз кылуу максатында, Өкмөттүн мазутту экспорттоого тыюу салуу үчүн укуктук механизмдери болууга тийиш, Өкмөттүн таасир этүү рычагдары жок болсо, Бишкек жана Ош шаарларынын ТЭЦтери үчүн бул отундун жетишсиздигине алып келиши ыктымал. Демек, көп квартиралуу үйлөр, социалдык обьектилер (жатак үйлөр, карылар үйлөрү, маданият үйлөрү, театрлар, китепканалар) медициналык мекемелер (ооруканалар, бейтапканалар, төрөт үйлөрү) билим берүү мекемелери (мектептер жана мектепке чейинки) жана республиканын шаарларынын инфраструктурасынын башка объекттери кыш-күз мезгилинде жылуулугу жок калышы мүмкүн.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 26-март