Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду

2012-жылдын 10-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2012-жылдын 2-мартында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты “Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү.

Бул Мыйзам Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик системасынын билим берүү мекемелеринин тизмесин бекитүү укугун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинин макулдашуусу боюнча Өкмөткө ыйгарып берди. Буга чейин мындай тизмени  бекитүү укугу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынына таандык эле.
“Кесиптик башталгыч билим берүү мекемелеринин тизмесин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп таанылды.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 11-апрель