Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2012-жылдын 2-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты чет элдик мамлекеттердин мамлекет, өкмөт. парламент башчыларынын, тышкы иштер министрлеринин жана алардын деңгээлиндеги адамдардын Кыргыз Республикасына визитинин негизги иш-чараларын жана Кыргыз Республикасынын делегацияларынын чет мамлекеттерге визитин, ошондой эле, мамлекеттин биринчи адамдарынын катышуусу менен өлкө ичинде иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү тартибин белгилөө.

Чет элдик делегациялар Кыргыз Республикасына визит жасаган учурда “Ата Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине гүлчамбар коюусу милдеттүү протоколдук иш-чара катары киргизилгендиги кабыл алынган Мыйзамдын жаңы саамалыктарынын бири болуп калды.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 12-апрель