Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Бүгүн, 2012-жылдын 12-апрелинде, Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик  жөнгө салуу  жөнүндө” Мыйзамга,  Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) кол койду.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2012-жылдын 2-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - жашы жете элек өспүрүмдөргө алкоголдук продукция саткандыгы үчүн административдик жоопкерчиликти күчөтүү.

Мына ушул максатта Мыйзамда айып санкцияларын 10 эсе көбөйтүү – 5 эседен (колдонуудагы Мыйзамда) 50 эсептик көрсөткүчкө чейин, административдик жаза чарасын колдонгондон кийин бир жыл ичинде  ошол эле аракетти кайра кайталагандыгы үчүн  - 100 эсептик көрсөткүчкө чейин көбөйтүү каралат.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 12-апрель