Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду

Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2012-жылдын 12-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты чечим кабыл алуунун бир катар жол-жоболорун өркүндөтүү жана жөнөкөйлөштүрүү аркылуу Жогорку Кеңештин ишмердигинин натыйжалуулугун арттыруу болуп саналат.

Мына ушул максатта “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жума сайын (бейшемби күндөрү) добуш берүүнү, ошондой эле, кворумду жана добуш берүү тартибин аныктаган ченемдерди бекиткен өзгөртүүлөр киргизилет. Буга чейинки Регламент боюнча айына эки ирет добуш берүү каралган.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 16-апрель