Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 2-мартында кабыл алынган.
Мыйзам мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мамлекеттик каттодон өткөрүү үчүн каттоо органына документтерди берүү тартибин жөнөкөйлөштүрүү максатында кабыл алынды.
Алсак, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” колдонуудагы Мыйзамдын 11-беренесине киргизилген толуктоого ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзүлгөн укуктук актынын негизинде каттоодон өткөрүлөт.

Мындан тышкары мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мамлекеттик каттоодо арыз берүүчү каттоочу органга төмөнкү документтерди берет:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген форма боюнча каттоо арызын;
- анын негизинде мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы түзүлгөн укуктук актыны;
-эки нускада мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө жобону (уставды);
-жетекчисин дайындоо же шайлоо жөнүндө укуктук актыны.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 16-апрель