Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 2-мартында кабыл алынган.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (ГК) 140-статьясын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-статьясына ылайык келтирүү максатында кабыл алынды.
Мыйзам акционерлердин саны 500дөн ашкан, болбосо баалуу кагаздардын жок дегенде 1 чыгарылышын ачык жайгаштырган ачык коом ар жыл сайын акционерлердин жылдык жалпы чогулушунан кийин 2 айдын ичинде, бирок отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен, коомдун каржылык-чарбалык иши жөнүндө жылдык отчетту массалык маалымат каражаттарында жарыялап турууга милдеттендирет.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 16-апрель