Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 2-мартында кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жер салыгынан бошотулган жерлердин түрлөрүн катталган диний уюмдардын кудайга табынуу обьекттеринин жерлери менен толуктоо максатында кабыл алынды.

Ошол эле учурда “кудайга табынуу обьекттери – динге биргелешип табынуу жана жайылтуу максатында түздөн-түз ырасымдарды, сыйынууларды жасоо үчүн диний уюмдардын кыймылсыз мүлкү” деген аныктама берилет.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 17-апрель