Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 2-мартында кабыл алынган.
Бул Мыйзам 2011-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Президенттин Каршы пикиринде көрсөтүлгөн сын пикирлер жана сунуштар менен макул болуп, Мыйзам кабыл алынды.
Мыйзам тарабынан бардык кызыкдар болгон адамдардын жер казнасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жер казнасын пайдаланууга берүү шарттары жана анын натыйжалары менен таанышуу укугу каралат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 17-апрель