Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 2-мартында кабыл алынган.
Мыйзам акционердик коомдорду башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Тактап айтканда, Мыйзамда коомдун добуш берүүчү акцияларынын 20 пайыздан кем эмесинин ээси болгон акционердин коомду акционерлердин кезексиз чогулушун өткөрүүгө милдеттендирүү үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылуу укугу бекитилет. Ошону менен бирге акционерлердин кезексиз бул жалпы чогулушун өткөрүүнүн тартиби аныкталат.
Мындан тышкары, жаңы Мыйзамдын негизинде “Акционердик коомдор жөнүндө” Мыйзамдын ченемдери “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында ченемдик укуктук актылар жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамдардын жоболоруна ылайык келтирилет

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 17-апрель