Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку кенеши тарабынан 2012-жылдын 15-мартында кабыл алынган.

Мыйзамда Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 80 579 864,5 миң сом жана чыгашалар боюнча 96 995 698,3 миң сом суммасында (өнүктүрүү бюджети алкагында 5 327 323,1 миң сом гранттык каражаттарды кошкондо) бекитилгени көрсөтүлгөн.

Мында республикалык бюджеттин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 16 415 833, миң сом суммасында белгиленген жана бул тартыштыктын чектелген өлчөмүн жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынын каражат жумшалаары аныкталган.

Кыргыз Республиканын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 19-апрель