Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Япония Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Мыйзамга кол койду

Бүгүн, 2012-жылдын 23-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  “2011-жылдын 7-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган  “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги үчүн дзюдо менен машыгууга спорттук инвентарларды жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Япония Эл аралык Кызматташтык  Агенттигинин ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын  максаты  - “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу.

Макулдашууда дзюдо менен машыгууга  спорттук  инвентарларды сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасына грант бөлүп берүү маселеси каралган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 23-апрель