Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасына Кыргыз Республикасынын 49,2 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү карызын кечүү тууралуу Макулдашууну ратификациялаган Мыйзамга кол койду

Бүгүн, 2012-жылдын 23-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2011-жылдын 1-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасынын Финансы министрилиги тарабынан тапшырылган жана Түркия Республикасынын Казыначылыгынын Секретариаты тарабынан тапшырылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Өкмөтүнүн ортосундагы Карызды кечүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу.

Макулдашууда Түркия Республикасына Кыргыз Республикасынын 49,2 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү карызын кечүү каралган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 23-апрель