Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек-Торугарт автожолун калыбына келтирүү долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Мыйзамга кол койду

Бүгүн, 2012-жылдын 23-апрелинде,Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2011-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасы жана Өнүктүрүүнүн Сауд Фондунун (Бишкек-Торугарт автожолун калыбына келтирүү долбоору боюнча) ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты - “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу.
Макулдашууда Өнүктүрүүнүн Сауд Фонду тарабынан Кыргыз Республикасына Бишкек-Торугарт автожолун калыбына келтирүүгө жеңилдетилген кредит бөлүү маселеси каралган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 23-апрель