Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жана Араб Экономикалык Өнүктүрүү Кувейт фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Мыйзамга кол койду

Бүгүн, 2012-жылдын 23-апрелинде,Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2011-жылдын 7-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасынын жана Араб Экономикалык Өнүктүрүү Кувейт фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек-Торугарт жол коридорун реабилитациялоо боюнча долбоор) (II участок: Долон ашуусу-кызыл-Бел ашуусу) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты - “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу.
Макулдашууда Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун Долон, Кызыл-Бел ашуусундагы жол тилкесин реабилитациялоого Кыргыз Республикасына жеңилдетилген кредит бөлүү маселеси каралган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 23-апрель