Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын  Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө  кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 15-июнунда  кабыл алынган.

Мыйзам  администрациялык   жоопкерчиликти  күчөтүү аркылуу администрациялык  укук бузуулардын алдын алууга жана алардын санын кыскартууга багытталган.

Ушул максатта  кабыл алынган мыйзамда Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 44- статьясынын 3-бөлүгүнө эгерде жарандар  жана юридикалык жактар ушул  Кодекстин бир нече главаларында каралган администрациялык укук бузууларды бир убакта жасаса, анда ушул Кодекстин ар бир главасынын кыйла татаал администрациялык жаза-чараны караган тиешелүү бир статьясын колдонуу тууралуу толуктоо киргизилет.

 Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2017-жыл 31-июль