Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 17-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 17-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясынын ишин өркүндөтүү максатында токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 17-июнундагы № 214 «Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия жөнүндө жобонун 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«3. Комиссиянын иши коомдук башталышта жүргүзүлөт. Комиссиянын терагасы, анын орун басары жана жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кызматкерлеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчилеринен дайындалат.».

Жарлык  расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күндөн кийин күчүнө кирет.

2017-жыл 20-июль