Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев көп балалуу энелерди “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо жөнүндө Жарлыктарга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Республиканын көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо жөнүндө” жана “Республиканын көп балалуу энелерин “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыктарга кол койду.

Жарлыктардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1618 эне “Баатыр эне” ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 551 эне – “Эне даңкы” медалы менен сыйланат.

“Республиканын көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыктын тексти >>>

“Республиканын көп балалуу энелерин “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыктын тексти >>>

2017-жыл 18-май