Икрамжан Илмиянов коомдук башталышта Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-апрелде кол койгон буйрукка ылайык, Илмиянов Икрамжан Саттарович коомдук башталышта Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды.