Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” төрт Жарлыкка кол койду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин үч Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 458 адамды кабыл алуу тууралуу, алардын басымдуу бөлүгү этникалык кыргыздар – тарыхий мекенине кайтып келген Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары.
Кыргыз Республикасынын Президентинин дагы бир Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 164 адам чыгарылат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 23-мартындагы № 55 “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” Жарлыгынын тексти >>>
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 23-мартындагы № 56 “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” Жарлыгынын тексти >>>
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 23-мартындагы № 57 “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” Жарлыгынын тексти >>>
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 23-мартындагы № 58 “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” Жарлыгынын тексти >>>