Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«2017-жылга карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга прогноз жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2017-жылга карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана  2018-2019-жылдарга прогноз жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2016-жылы 30-ноябрда кабыл алган.

Бул Мыйзам менен 2017-жылга республикалык бюджет кирешелер боюнча 126,8 млрд сом өлчөмүндө, чыгымдар боюнча 150,1 млрд сом өлчөмүндө бекитилди. 2017-жылга республикалык бюджеттин дефицитинин четки өлчөмү 23,3 млрд сом деп белгиленди.

Мыйзам 2017-жылы 1-январдан тартып күчүнө кирет.   

2016-жыл 23-декабрь