Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«2016-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга прогноздор жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2016-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга  прогноздор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  тарабынан 2016-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, 2016-жылга республикалык бюджеттин кирешеси  124,8 млрд сомду түзөт, бул 2015-жылдын 31-декабрындагы №233-мыйзамда бекитилген көлөмдөн 448,2 млн сомго көптүк кылат. Республикалык бюджеттин чыгымдары  146,8 млрд сомду түзөт, бул мурда бекитилген көрсөткүчтөн 18,3 млн сомго көптүк кылат. Республикалык бюджеттин таңсыктыгы 22 млрд сом, бул мурда белгиленген көлөмдөн 429,9 млн сомго аз.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2016-жыл 23-декабрь