Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду.

Мыйзам социалдык кызматкердин укуктук статусун мыйзамдуу жөнгө салуу, оор турмуштук кырдаалга туш келген адамдарды социалдык колдоодо жана жардам берүүдө, ошондой эле жарандардын аялуу категорияларынын кепилденген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алышына көмөк көрсөтүүдө  анын ордун аныктоо максатында кабыл алынды. Мындан тышкары «Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Мыйзам жоболору Балдар жөнүндө кодекске, «Ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө», «Кыргыз Республикасында улгайган адамдар жөнүндө», «Кепилденген мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө» Мыйзамдарга шайкеш келтирилди.

2016-жыл 22-декабрь