Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Шаарды өнүктүрүү долбоорун» каржылоо жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен Макулдашууну ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2016-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Шаарды өнүктүрүү долбоорун» каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 10-ноябрында кабыл алынган.

Макулдашуунун максаты – муниципалдык кызматтарды жакшыртуу жана шаар инфраструктурасынын энергонатыйжалуулугун жана сейсмикалык туруктуулугун жогорулатуу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул долбоорго кирген төмөнкү шаарларды аныктады: Кербен, Сүлүктү, Балыкчы жана Токтогул.

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн тартып күчүнө кирет.

2016-жыл 15-декабрь