Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жүнөндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жүнөндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Кабыл алынган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты кылмыш жасагандыгы үчүн кармалган учурда жана ага карата камакка алуу же болбосо үй камагына алуу - бөгөт коюу чарасын тандалганда, алардын шарттары боюнча депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу мумкун болбогондо ага айлык төлөө маселелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан. 

Практика көрсөткөндөй, бул чөйрөдө боштук бар, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты узак мөөнөт бою абакта же үй камагында болсо да, ал иштеген жеринде ага айлык акы, сыйлыктар жана башка акчалай төлөмдөр берилип келген. 

Мына ушул боштукту четтетүү үчүн азыр иштеп жаткан «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жүнөндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык  депутатка карата камакка алуу же болбосо үй камагына алуу - бөгөт коюу чарасы тандалган күндөн тартып, ага эмгек акы төлөө токтотула турат. 

Жазык иши реабилитациялоочу негиздер боюнча токтотулган же актоо өкүмү чыгарылган учурда, эмгек акы төлөө токтотула турган учурдан тартып жүргүзүлөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2016-жыл 7-декабрь