Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Кабыл алынган Мыйзам «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым жоболорун «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Кабыл алынган Мыйзам менен төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилген:

1) 31-берененин 3-бөлүгүндө «Ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткон Жогорку Кеңештин депутаты» деген сөздөр «Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткон адам» деген сөздөргө алмаштырылган;

2) З-берененин  1-бөлүгү «Жогорку Кеңештин депутатына эмгек өргүүсү сессия аяктагандыгы боюнча берилет» деген мазмундагы сүйлөм менен толукталган;

3) №6-берененин  3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалган:

«Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жумуш стажы жыйындысы боюнча 5, 10, 15 жана 20 жылдан ашык болсо, акы төлөнүүчү өргүүсү тиешелүүлүгүнө жараша 2, 4, 6 жана 8 календардык күнгө көбөйөт, Окумуштуулук даражасы жана илимий наамы болсо, эмгек өргүүсү «Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2016-жыл 2-декабрь