Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  «Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Кабыл алынган Мыйзам  «Административдик ишмердиктин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республика Өкмөтүнүн 2015-жылы 8-декабрда № 595-р бекиткен иш чаралар Планына ылайык иштелип чыкты.

«Административдин ишмердиктин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жеке жана юридикалык жактар менен өз ара мамилелелериндеги ишмердигинин бирдиктүү жана негизги принциптерин, эрежелерин жана жол-жоболорун аныктайт. Ошону менен катар «Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренеси жардыргыч материалдарды жүгүртүүгө байланышкан маселелер боюнча  ыйгарым укуктуу органдардын чечимдери менен иш-аракеттери  сотко даттанылышы мүмкүн экенин белгилейт.

Буга байланыштуу  “Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин биринчи абзацы менен жогорудагы Мыйзамга төмөнкүдөй шайкеш келтирилди: эми  жардыргыч материалдарды жүгүртүүгө байланышкан маселелер боюнча  ыйгарым укуктуу органдардын чечимдери менен иш-аракеттери  Кыргыз Республикасынын административдик ишмердик жөнүндө мыйзамдарына ылайык сотко даттанылышы мүмкүн. Ошондуктан көрсөтүлгөн берененин экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылат.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн тартып күчүнө кирет.

2016-жыл 2-декабрь