Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-ноябрда «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2016-жылы 2-ноябрда кабыл алган.

Кабыл алынган мыйзам Кыргыз  Республикасынын Конституциясынын 114-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацына жана 1-бөлүгүнө, 74-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 84 депутаты тарабынан демилгеленген. Кийин демилгечилерге дагы 6 депутат кошулган.

Кыргыз Республика Жогорку сотунун Конституциялык палатасы «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча  2016-жылы 11-октябрындагы өз корутундусунда  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кароосуна коюлган «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору  адамдын жана жарандын фундаменталдык укуктары менен эркиндиктерине, аларды чектөөгө, демократиялык, укуктук, светтик мамлекеттин принциптерине; Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренеси тарабынан каралган Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибине каршы келбеси белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү референдумду дайындоо,  Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө аталган мыйзам долбоорлоруна оӊ корутундусун берди. Өкмөт бул мыйзамдын кабыл алынышын максатка ылайыктуу деп эсептейт.

Кабыл алынган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши  Кыргыз Республикасынын бардык аймагында референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) 2016-жылдын 11-декабрына, жекшембиге дайындады.

Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алыш үчүн референдумга «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын аталган мыйзам долбоору чыгарылды.

Добуш берүү үчүн  бюллетенге киргизилген суроонун төмөнкү формулировкасы мыйзам менен бекитилди:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан долбоору  референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) чыгарылган «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынсын

«ООБА»         «ЖОК»

(сиз тандаган квадратка тийиштүү белги коюңуз)».

Кабыл алынган мыйзам  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына төмөнкү милдеттерди тагат:

1) референдумду уюштуруу, материалдык жана финансылык камсыздоо маселесин, ошондой эле бул мыйзамдан келип чыккан башка маселелерди чечүү;

2) референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти,  Кыргыз Республикасынын  Конституциясын жана мыйзамдарын сактоону камсыздоо.

Мыйзам расмий жарыялангандан күндөн күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>> >>>

2016-жыл 3-ноябрь