Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылары менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-ноябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын юбилейлик он бешинчи жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылары менен жолукту.

Мамлекет башчысы өкмөт башчыларын жылуу куттуктап жана  Уюмга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын юбилейлик он бешинчи жыйынына катышуусу үчүн ыраазылыгын билдирди.

«Мен сиздерди көргөнгө кубанычтамын. Анткени биз баарыбыз бирге эбегейсиз чоң ишти жасап жатабыз. Менимче, бул дүйнөлүк масштабдагы иш – ШКУ канчалык бекем болсо, дүйнө дагы ошончо туруктуу болот. Ошондуктан Бишкекке ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын келиши – кабыл алган жак үчүн чоӊ сыймык», - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы ШКУга мүчө болууну каалаган өлкөлөрдүн санынын өсүшү Уюмдун бедели өсүп жатканын күбөлөрүнө токтолду. Президент Алмазбек Атамбаевдин сөзү боюнча, Индия менен Пакистанды ШКУга кабыл алуу жөнүндө соӊку чечим Уюмдун кудуретин арттырууга өбөлгө түзмөкчү. «Уфада биз ШКУну өнүктүрүү Стратегиясын кабыл алгандан кийин ишибиз кыйла жеӊилдейт. Биз ошол Страегияга таянышыбыз керек, анда алдыдагы он жылда кайсы жол менен бирге кетерибиз жазылган», - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга Кыргызстан Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков, Казакстан Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев, Тажикстан Премьер-министри Кохир Расулзода,  Өзбекстан Премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов, Кытай Мамлекеттик кеӊешинин Премьери Ли Кэцян, ошондой эле ШКУнун Башкы катчысы Рашид Алимов менен ШКУ РАТСынын Аткаруу комитетинин директору Евгений Сысоев катышты.

2016-жыл 3-ноябрь