Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Баткен облусундагы Кадамжай райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун  судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республика Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүмүнүн,  «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  17- жана 27-беренелеринин негизинде жана  Кыргыз Республикасынын Соттор кеӊешинин сунушу боюнча токтом кылынат: жаш чегине жеткендигине байланыштуу Баткен облусундагы Кадамжай райондук сотунун судьясы Гүлшат Ахмедзияновна Хамидулинанын ушул кызматта ишке ашырып жаткан  жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктары  2016-жылдын 12-октябрынан тарта токтотулсун.

Жарлык кол койгон күндөн тарта күчүнө кирет.

2016-жыл 18-октябрь