Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын  Административдик жоопкерчилик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеӊеш 2016-жыл 22-сентябрда кабыл алган.

Мыйзам Административдик жоопкерчилик кодексинин 614-беренесине экологиялык жана техникалык коопсуздукту текшерүү жана көзөмөлдөө чөйрөсүндө административдик укук бузуулар үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан салынуучу айыппулдардын суммалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте республикалык бюджетке чегерилип, анын 25 проценти көрсөтүлгөн мамлекеттик органдын материалдык-техникалык камсыздоосун жакшыртуу жана кызматкерлерин сыйлоо үчүн пайдаланылары тууралу толуктоо киргизет.

Мыйзам расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 18-октябрь