Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо, жиберүү жана кызматынан бошотуу жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Нарын облусунун Ак-Талаа (2 адам), Ат-Башы (2 адам), Жумгал (2 адам) жана Кочкор райондорунун сотторунун, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун (2 адам), каракол (2 адам) жана Балыкчы (2 адам) шаардык сотторунун  судьялык кызматына дайындоо үчүн 14 талапкер боюнча сунуштар киргизилген.

2016-жылдын 7-октябрында Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешти. Анын жыйынтыктарын жана кошумча алынган материаларды эске алуу менен Президент Алмазбек Атамбаев 10 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунуштарына макулдугун берди.

 Талапкерлер боюнча материалдардын, ар башка мамлекеттик органдардан алынган кошумча маалыматтардын жана ой-пикирлердин жыйынтыгына карап, мамлекет башчысы 4 талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо кеңешине кайтарып берди.

Буга байланыштуу Президент Алмазбек Атамбаев 3 жарлык чыгарды.

Биринчи жарлык менен конкурста тандалган 10 талапкер Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялыгына дайындалды.

Экинчи жарлык менен дайындалган 10 судья судьялык ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди.

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук сотуна:

 -Доулбеков Азат Азейинкулович;

-Жумаков Жаныбек Темирбекович.

Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотуна:

-Бердыбаев Бакбуркан Асанканович;

-Киналиева Жыпаркүл Баизрахмановна;

Нарын облусунун Жумгал райондук сотуна:

- Айдыралиева Айсейил Абдыкадыровна;

Нарын облусунун Кочкор райондук сотуна:

-Султаналиев Медел Керимжанович.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотуна:

-Жумаев Токтогул Темиркулович;

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна:

-Ниязалиев Самар Анарбекович.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык сотуна:

-Усупбекова Назира Токтомуратовна.

-Дюшембиева Майрамкүл Мукашевна.

Үчүнчү жарлык менен Нарын облусунун Ак-Талаа райондук сотунун судьясы борлуп иштеп жаткан  Айтмолдоев Бактыбек Аскарович,  Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотунун судьясы болуп иштеп жаткан  Рахметов Токтобек Омуралиевич, Арзыкулова Гүлсүн Абдыевна жана Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясы болуп иштеп жаткан Исаев Мирлан Асекович кызматынан бошотулду.

Төртүнчү жарлык менен Кочкор райондук сотуна дайындалганына байланыштуу Нарын шаардык сотунун судьясы болуп иштеп жаткан Султаналиев Медел Керимжанович кызматынан бошотулду.

2016-жыл 14-октябрь