Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, бүгүн 11-октябрда «К.Б.Базарбаев жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1 бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

Базарбаев Кудайберген Базарбаевич Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызматынан бошотулсун.

Жарлык кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.

2016-жыл 11-октябрь