Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Дүйшөнбек Момунов жергиликтүү соттун судьясынын кызматынан өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Момунов Д.Р жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешинин сунушу боюнча жана  Конституциянын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын  судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык токтом кылынат:

1.Момунов Дүйшөнбек Райымбекович Бишкек шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан КР жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан өзүнүн каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

2. Жарлык кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет.

2016-жыл 4-октябрь