Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” Жарлыктарга кол койду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин төрт Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 668 адамды кабыл алуу тууралуу, алардын басымдуу бөлүгү этникалык кыргыздар – тарыхий мекенине кайтып келген Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары.
Кыргыз Республикасынын Президентинин дагы бир Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 144 адам чыгарылат.