Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Нурмамат Ботобаев жергиликтүү соттун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Ботобаев Н.А. жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешинин жергиликтүү соттун судьясы Н.Ботобаевге карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу иретинде тартип жазасын колдонуу жөнүндө сунушунун негизинде, ошондой эле  Конституциянын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын  судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26- жана 28-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. Ботобаев Нурмамат Айдарбекович Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

2. Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2016-жыл 4-октябрь