Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына 2012-жылдын 9-январынан 21-декабрына чейин келип түшкөн жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына (мындан кийин – Президенттин Аппараты) 2012-жылдын 9-январынан 20-декабрына чейин 7184 жарандын, анын ичинде КМШ жана башка өлкөлөрдөн - 285 жазуу жүзүндөгү кайрылуулары келип түштү.

Эң көп арыздар, дооматтар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан - 41,1 % келип түштү, Чүй областынын жашоочуларынан – 14,9%, Ош областынан жана Ош шаарынан – 11,8%, Жалал-Абад областынан – 9,7%, Ысык-Көл областынан – 7,4%, Нарын областынан – 5,6%, Баткен областынан – 2,9% жана Талас областынан – 2,7%.

Аталган мезгилде жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан телефон аркылуу 1820 жаран менен көйгөйлүү маселелерин, кайрылууларын аткаруу, даректерин тактоо боюнча иштер жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө аларга кеңештер жана түшүндүрмөлөр берилди.

Жарандардын кайрылууларынын тематикасы жана мүнөзү

Жарандардын кайрылуулары тематикасы боюнча негизинен 6 топту түздү:

- соттордун жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча – 2070 кайрылуу(28,8%);

- турак-жай жана жеке үйлөрдү курууга жер участокторун бөлүштүрүү боюнча – 675 (9,3%);

- социалдык кызматтын иши, эмгек акы, жеңилдиктер жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча 611 (8,5 %);

- 2010-жылдын апрель жана июнь окуяларында жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча – 314 (4,4%);

- мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо, жарандык жана мунапыс берүү боюнча - 208 (2,9%);

- кредиттерди жоюу жана мөөнөтүн узартуу, кредиттерди берүү жана ссудаларды бөлүү (проценти жок же төмөнкү проценттүү) - 201 (2,8%).

Аталган мезгилдин ичинде Президенттик Аппаратка кайрылгандар негизинен улгайып калган, пенсия жашындагы адамдар жана калктын социалдык жактан коргоого муктаж катмарлары түздү. Кайрылуулар мүнөзү боюнча коомубуздун турмушунун бардык жактарын өзүнө камтыгандыгын белгилейбиз, анын ичинде:

- мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти сактоо, өзгөчө сот, прокуратура жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жарандардын конституциялык укуктарын бузуусуна жол берүүсү;

- жарандардын жана юридикалык тараптардын ортосундагы жарандык-укуктук мамилелери;

- мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ишканалардын жетекчилеринин кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануусу;

- эмгек акыны, пенсияларды жана пособияларды көбөйтүү, эмгек стажысынын эсебин, пенсияны дайындоону белгилөө тартибинин маселелери;

- материалдык жана башка түрдө жардам берүү, пособие бөлүштүрүү, турак-жай жана коммуналдык маселелерди чечүү, квартира, ссуда жана үй курууга жер участокторун, ошондой эле турак-жайга жеңилдетилген ипотекалык кредиттерди бөлдүрүү маселелери.

         Республиканын дээрлик бардык региондорунан сот, прокуратура жана ички иштер органдарынын ишмердиги боюнча жарандардын кайрылуулары басымдуу көпчүлүктү түзүүдө.

Ошондой эле, жергиликтүү бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине, курулуш жана архитектура маселелерине байланыштуу, Бишкек шаарынан квартира, турак-жай салуу үчүн жер бөлүп берүү маселелери боюнча кайрылуулардын саны дагы жогору бойдон калууда.

Социалдык коргоо, пенсия, пособие жана саламаттыкты сактоо, кредит алуу, алардын төлөө пайыздарынын мөөнөттөрүн узартуу же жоюу багытындагы маселелер бардык региондордун тургундарынын көйгөйлүү маселелеринен болуп жатат.

“Prezident.kg” жана “Pisma.kg” интернет-сайттарына келип түшкөн кайрылуулар

2012-жылдын 9-январынан 20-декабрына чейин “Prezident.kg” жана “Pisma.kg” интернет-сайттарына республиканын бардык региондорунан, КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет мамлекеттерден 864 кайрылуулар келип түштү.

Электрондук почта аркылуу келген кайрылуулар тематикасы боюнча негизинен 4 топко бөлүнөт:

-  социалдык-экономикалык маселелер – 239 (27,7%);

- сот жана укук коргоо органдарынын ишмердиги боюнча – 130 (15,0%);

- коммуналдык-тиричилик тейлөө, турак-жайларды жана үйлөрдү курууга жер участокторун бөлүштүрүү – 149 (17,2%).

- Президенттин жана Президенттин Аппаратынын ишмердиги боюнча – 83 (9,6%);

Интернет-сайттарга келген суроолордун көпчүлүк бөлүгүн жергиликтүү бийлик органдарынын компетенциясына кирген маселелер түзөөрүн белгилеп кетебиз.

2012-жылдын январь-декабрь айларында Кыргыз Республикасынын Президентинин Коомдук кабылдамасында 1750 жаран жеке кабыл алынды, “ишеним телефону” аркылуу жарандардан 2350 кайрылуулар түшүп, алар боюнча тиешелүү кеңештер жана түшүндүрмөлөр берилди,ошондой эле 2050 жарандан жазуу жүзүндө кайрылуулары кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча Коомдук кабылдамасынын иши

2012-жылдын 9-январынан 21-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына 315 жарандын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу келип түштү.

Алардын ичинде, Ош шаарынан –142, Ош областынан – 101, Жалал-Абад областынан – 31 жана тБаткен областынан – 34 кайрылуу түшүп, аларга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

Аталган мезгилде “ишеним телефону” аркылуу 63 жаранкайрылышып, аларга мүнөзү боюнча тиешелүү жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле, Коомдук кабылдамада 1115 жаран кабыл алынып, алардын ичинде Ош шаарынан – 502, Ош областынан – 355, Жалал-Абад областынан – 94, Баткен областынан – 158 жаранга маселелеринин маңызы боюнча кеңештер жана түшүндүрмөлөр берилди.

 

2012-жыл 22-декабрь