Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө маселесин кароонун жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы энергетикалык саясаттын негизги приоритеттерин белгиледи. 

«Энергетика министринин презентациясын карап көрүп, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан даярдалган материалдар менен таанышып жана Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн ой-пикирлерин угуп, калкты жана экономиканын тармактарын электр жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, учурдагы жана алдыдагы мезгилдерде Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун бекемдөө Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплексинин мамлекеттик органдарынын жана чарбалык субъекттеринин маанилүү милдети болуп  саналат деп эсептейм.  

Эксперттик баа берүүлөргө ылайык, генерациялануучу кубаттуулуктун өсүп жаткан дефицити Камбарата ГЭС-2нин 2-гидроагрегатын ишке киргизүү долбоорлорун, Токтогул, Ат-Башы жана Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоону аяктагандан кийин дагы сакталып калат.

Финансыга жогорку муктаждык жана электро генерациялоочу объекттердин курулмаларынын узак мөөнөттөрү алдын ала аракет кылуу зарылдыгын аныктайт жана азыртадан тартып экономиканын башка тармактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө киришүүнү талап кылат.

Кошумча айта кетсем, түзүлгөн кырдаалды эске алып жана Кыргыз Республикасынын элин жана экономиканын тармактарын электр энергиясы менен жетишерлик көлөмдө камсыз кылуу максатында,  генерациянын көлөмдөрүн жогорулатуунун бардык мүмкүн болгон булактарын, анын ичинде жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү, энергиянын жаңыланып туруучу булактарын ишке киргизүү жана өнүктүрүү, электр энергиясын Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоо аркылуу иштеп чыгуу зарыл.  

Ошол эле учурда бардык мамлекеттик органдар мамлекеттин энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алдыга коюлган маселелерди чечүүдө энергетикалык секторго максималдуу жардам көрсөтүүсү зарыл. 

Анын ичинде, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төмөнкүлөрдү сунуш кылышын зарыл деп эсептейм:  

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети: 

Биринчи.

Учурдагы жана алдыдагы күз-кыш мезгилдерин ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн 2021 жана 2022-жылдарга чектеш мамлекеттерден зарыл болгон көлөмдөрдө электр энергиясын импорттоо маселесин чечсин. 

Экинчи.

Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунда (ЖЭБинде) электр энергиясын жана кубаттуулукту иштеп чыгууну көбөйтүү процессин өзгөчө контролго алсын. 

Бул объектте ири аварияларды болтурбоо боюнча чаралар көрүлсүн. 

Үчүнчү.

Камбарата ГЭС-1 курулушунун долбоорун тездетүү максатында биринчи кезектеги иш-чараларды жана аларды каржылоонун булактарын аныктасын. 

Төртүнчү.

2022-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө „Нарынгидроэнергокурулуш“ ААКтын (Ачык акционердик коомунун) жана „Нарын атайын энергомонтаж“ ААКтын акцияларынын мамлекеттик пакетин Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине өткөрүп берүү маселесин иштеп чыксын. 

Бешинчи.

Токтогул ГЭСин жана Ат-Башы ГЭСин реабилитациялоо, Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо, „Ошэлектро“ ААКты жана „Чыгышэлектро“ ААКты реабилитациялоо боюнча инвестициялык долбоорлорду өз учурунда ишке ашыруу, Баткен облусунун Арка массивин электрожабдууну, СASA-1000 ди жакшыртуу үчүн зарыл чараларды көрсүн. 

Алтынчы.

Өзүнө төмөнкү механизмдерди иштеп чыгууну камтыган, Кыргыз Республикасынын энергетикалык потенциалын бекемдөө боюнча узак мөөнөттүү чараларды иштеп чыксын жана бекитсин: 

— суунун агылып келүүсүнүн өзгөрүүсүнөн көз карандысыз түрдө Токтогул суу        сактагычында суунун жетиштүү көлөмүн камсыз кылуу үчүн      суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу; 

— жаңы генерациялоочу кубаттуулуктардын курулушуна,     энергиянын жаңыланып туруучу булактарынын жана „жашыл энергетиканын“,      анын ичинде чакан гидроэнергетиканын потенциалын жогорулатууга жеке      инвестицияларга стимул берүүчү; 

— энергокомпанияга кошумча финансылык оорчулуксуз жана акыркы

    керектөөчүлөрдүн төлөө жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен энергиянын     жаңыланып туруучу булактарын пайдаланып электр энергиясын иштеп     чыгууга чыгымдарды компенсациялоону карасын. 

Жетинчи.

2022-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө калкты социалдык жактан коргоонун натыйжалуу механизмдерин сактоону эске алуу менен электр жана жылуулук энергиясына Орто мөөнөттүү тарифтик саясатты иштеп чыксын жана бекитсин. 

Бул жерде өзгөчө белгилеп кете турган нерсе, тарифтик саясат биздин элдин керектеген электр энергиясы үчүн  эч түйшүксүз төлөө мүмкүнчүлүгүнөн келип чыгышы керек, аны менен калктын социалдык жактан аялуу катмарынын кызыкчылыктарын эске алуу жана сактоо керек.

Биздин жарандар өзүнүн бүткүл эмгек акысын электр үчүн төлөөгө коротушуна биз жол бербешибиз керек.

Урматтуу, Акылбек Усенбекович мен жогоруда белгилеп кеттим жакыр жашаган 110 518 үй бүлө 50 тыйындан камсыз болушу керек. 27 тыйынын дагы бир жолу кайталап коеюн, өкмөттөн компенсациялап беришибиз керек. 

Ошол эле учурда, энергетикалык сектор дайыма эле кредиттердин, гранттардын жана субсидиялардын эсебинен гана боло бербестигин унутпашыбыз керек.   

Сегизинчи.

2022-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын энергетикалык секторунун, анын ичинде өзүнө бюджеттик займдар боюнча карыздарды капиталдаштыруунун эсебинен энергокомпаниялардын уставдык капиталдарында мамлекеттин үлүшүн көбөйтүү мүмкүндүгүн камтыган стратегиялык ишканаларынын финансылык туруктуулугун бекемдөө боюнча чараларды иштеп чыксын жана бекитсин. 

Тогузунчу.

Менчигинин формасына көз карандысыз түрдө бардык объекттерде энергоресурстарды керектөөдө энергияны үнөмдөөнүн, энергиялык натыйжалуулуктун аракеттүү механизмдерин иштеп чыксын жана колдонууга киргизсин.  

Онунчу.

Электр энергиясын контролдоонун жана эсепке алуунун,

берилүүчү жана керектелүүчү электр энергиясын аралыктан контролдоонун автоматташтырылган системасын толук масштабдуу колдонууга киргизүүнүн эсебинен өлкөнүн энергетикалык тармагында инновациялык технологияларды ар тараптуу колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыксын.  

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине тапшырмалар: 

Биринчи.

2022-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө энергиянын альтернативдик (жаңыланып туруучу) булактарын өнүктүрүүгө жана чакан гидроэнергетикалык станцияларды өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык документтерди жаңылоо боюнча талдоо жүргүзсүн жана сунуштарды иштеп чыксын. 

Экинчи.

Өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын натыйжалуу, сарамжалдуу жана аярлуу пайдалануу каралган суу ресурстарын тескөө боюнча жаңыланган мамлекеттик стратегиянын потенциалын жогорулатуу жана иштеп чыгуу боюнча так талдоо жүргүзсүн жана сунуштарды иштеп чыксын. 

Үчүнчү.

2022-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен өз ара аракеттенип, техникалык регламенттерди иштеп чыгууга өзгөчө көңүл буруп, энергетика чөйрөсүндөгү колдонулуп жаткан мыйзамдарга инвентаризациялоо жүргүзсүн жана мүмкүн болуучу боштуктарды жана коллизияларды жоюу бөлүгүндө ага түзөтүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылсын. 

Төртүнчү.

Энергетика чөйрөсүндө колдонулуучу техникалык ченемдерди жана стандарттарды иштеп чыгууга жана колдонууга киргизүүгө багытталган ишти жеке контролго алсын жана активдештирсин. 

Бешинчи.

Иштеп жаткан стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга контролду камсыз кылсын, ошондой эле күз-кыш мезгилин ишенимдүү өткөрүүнү камсыз кылсын. 

Алтынчы.

2022-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө энергетика түйүндөрүндө электрэнергиясынын коммерциялык, техникалык жана жалпы жоготууларын төмөндөтүүгө багытталган аракеттер планын иштеп чыксын».

2021-жыл 26-ноябрь