Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Камбоджа Королдугунун Премьер-министри Хун Сен Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады

Камбоджа Королдугунун Премьер-министри Хун Сен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

«Королдук Өкмөттүн жана Камбоджа элинин атынан Сизге, Өкмөткө жана достук мамиледеги Кыргызстан элине Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду жана эң жакшы каалоолорумду билдиргим келет.

Кыргызстан 1991-жылы Көз карандысыздыкка ээ болгондон бери акыркы отуз жылда улуттук өнүгүүсүндө эң мыкты ийгиликтерге жетишти. Кыргызстан менен Камбоджа ортосундагы жылуу мамилелер көптөгөн жылдар бою туруктуу бекемделип келди.

Биздин жалпы умтулуубуз жана берилгендигибиз аркылуу биздин өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу байланыштар жана тыгыз кызматташтык жакынкы жылдары дагы эки өлкөнүн бакубаттыгы үчүн чыңдала берерине терең ишенем.

Менин чын дилден айтылган каалоолорумду жана жогору урматтоомду кабыл алыңыз. Сизге бекем ден соолук, бакыт-таалай, мындан аркы аракеттериңизге ийгилик каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2021-жыл 31-август