Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Сингапур Президенти Халима Якоб Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады

Сингапур Президенти Халима Якоб Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады

«Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу Сингапур элинин атынан чын жүрөктөн куттуктоолорумду билдирип, өлкөңүзгө жана элиңизге тынчтык, бакыт жана гүлдөп-өнүгүү үчүн эң жакшы каалоолорду айтуу мага чоң кубаныч тартуулайт.

COVID-19 пандемиясын жеңүүгө карата бардык аракеттер улантылып жатканда, Сингапур пандемиянын кесепеттерин азайтуу, адамдардын өмүрүн жана турмуш-тиричилигин сактоо максатында эл аралык коомчулук менен тыгыз кызматташтыкты уланта бермекчи», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

2021-жыл 31-август