Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Корея Президенти Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады

Корея Республикасынын Президенти Мун Чжэ Ин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгын майрамдоого байланыштуу Сизге жана Кыргызстан элине жүрөктөн чыккан куттуктоомду жолдойм. Бул жылдар аралыгында өлкөлөрүбүз эки тараптуу достук мамилелерди өнүктүрүштү. Биргелешкен аракеттер менен биз мындан ары да мамлекеттерибиз ортосундагы байланышты чыңдап, аны менен элдерибиздин достугун, катышын бекемдейбиз», — деп айтылат телеграммада.

Мун Чжэ Ин Садыр Жапаровго жана бекем ден соолук жана бакыт, ошондой эле Кыргыз Республикасына гүлдөп өнүгүүнү каалады.

2021-жыл 31-август