Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Чехия Президенти Милош Земан Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады

Чехия Республикасынын Президенти Милош Земан Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Биздин өлкөлөр эки тараптуу кызыкчылык жараткан бардык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташуусун мындан ары дагы тереңдетет деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Милош Земан Президент Садыр Жапаровго бардык жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалады.

2021-жыл 31-август