Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Халифа Бин Заед Аль-Нахаян Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Халифа Бин Заед Аль-Нахаян Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Мен Сизди ыйык Курман айт (Эйд ал-Адха) майрамы менен куттуктап, чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектеримди билдиргениме абдан кубанычтамын. Кудуреттүү Аллах Тааладан бул майрам Сизге бакыт-таалай, чың ден соолук, араб жана мусулман элдерине бакубат жашоо жана гүлдөп өнүгүүнү алып келүүсүн суранам", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Ошондой эле, Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-президенти, Премьер-министр, Дубайдын башкаруучусу Мухаммед Бин Рашид Аль Мактум, Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы, БАЭ Куралдуу күчтөрүнүн Жогорку командачысынын орун басары Мохаммед Бин Заед Аль Нахаян да өз куттуктоолорун жиберишти.

2021-жыл 20-июль