Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Некролог - Мукаш Базаркулов

Кыргыз эли орду толгус оор жоготууга учурады.

2021-жылдын 16-июлунда 86 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл мугалими, мамлекеттик жана партиялык көрүнүктүү ишмер Базаркулов Мукаш Базаркулович дүйнөдөн өттү.

Ал 1935-жылдын 5-июнунда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Саз айылында төрөлгөн. 1955-жылы Педагогика институтун, 1962-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

Мукаш Базаркулович эмгек жолун 1955-жылы орто мектептин мугалиминен баштап Кыргыз ССРинин элге билим берүү министрине чейинки жолду басып өткөн.

1965-жылдан тартып партиялык иште эмгектенген: партиянын Ак-Талаа райондук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1968-1970-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин инспектору, 1971-1979-жылдары партиянын Талас райондук комитетинин экинчи, андан кийин биринчи катчысы кызматтарын аркалаган.

1979-жылы ал Кыргыз ССРнин агартуу министри, ал эми 1988-жылы эл агартуу министри болуп дайындалып, 1991-жылдан 2006-жылга чейин Чүй облустук билим берүү башкармалыгынын начальниги болуп иштеген.

Мукаш Базаркулович Кыргыз ССРинин элге билим берүү министрлигин 12 жыл бою жетектеп, мектеп окуучуларына билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү, педагогикалык жаӊычыл ой-жүгүртүүлөрдү, алдыӊкы тажрыйбаларды жайылтуу, мектептерди мугалимдер менен камсыз кылуу жана билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базаларын жакшыртуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзгөн.

Ал Кыргыз ССРинин элге билим берүү министри болуп турганда 348000 окуучу орунга ылайыкталган 452 мектеп, 64000 балага ылайыкталган 379 бала бакча курулган.

Мукаш Базаркулович тарбиячылык-педагогикалык ишти коомдук-саясий иштер менен айкалышта аткара билген. Ал элдин ишенимине татып, бир нече жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Мукаш Базаркулович депутат катары эгемендүү мамлекетибиздин пайдубалын бекемдөө боюнча мыйзамдарды кабыл алууга да жигердүү катышкан. Ал Конституциялык комиссиянын мүчөсү катары 1993-жылы Кыргыз Республикасынын алгачкы Конституциясынын кабыл алынышына чоң салымын кошкон.

Ага 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими» наамы ыйгарылган. 2000-жылы «Даӊк» медалы менен сыйланган. Ошондой эле 2005-жылы «Кыргыз Республикасынын эл мугалими» наамы ыйгарылган, 2017-жылы II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

Мукаш Базаркуловдун жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүк сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

 

С.Н. Жапаров, Т.Т. Мамытов, У.А. Марипов,

С.С. Касмамбетов, Н.Ж. Бакирова, Р.И. Отунбаева, С.Ш. Жээнбеков,

А.К. Касымалиева, Н.Ө. Сыдыгалиев, Ж.К. Бакашова,

О.М Бакиров, Ж.К. Турускулов, М.К. Алимбеков,

Б.Э. Торобаев, А.Т. Сулайманов, Ш.И. Абдылдаев,

Г.С. Молдобекова, Ч.А. Абыкеев, М.О. Букуев,

А.К. Капаев, Р.А. Сабиров, Б.Д. Купешев, Г.Дж.

Байтерек, А.А. Акматалиев, Ж. Акималиев, Ж. Акималиев,

К. Асанов, Д. Берикбаев, К. Осмонбетов, А. Жайнаков, К. Исаев,

Б. Исаков, А. Сманбаев, Ж.Ж. Жанузаков, Т.С. Саякбаева,

С.А. Ашимбаев, Ж.К. Жапаров и ж.б.

2021-жыл 16-июль