Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Президент Александр Лукашенкону Беларусь Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкону Беларусь Республикасынын Көз карандысыздык күнү жана фашисттик баскынчылардан бошотуу күнү менен куттуктады.

«3-июль Беларустун тарыхында өлкөнүн душмандардан бошотулуп, эл үчүн эркиндикти жеңип алып, көз карандысыздыкты коргоп калган фронттук жоокерлердин жана ооруктагы эмгекчилердин баатырдыгынын жаркын баракчасы катары калды.

Кыргызстан эки жана көп тараптуу кызматташууну өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда урматтоонун жана ишенимдин негизинде чыңдоого өзгөчө маани берет.

Биргелешкен күч-аракеттерибиз менен биз эки өлкө элинин жыргалчылыгы үчүн кыргыз-беларуссия өз ара кызматташтыгын мындан ары да ар тараптуу өнүктүрөбүз деп ишенемин», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Александр Лукашенкого бекем ден-соолук, түгөнгүс энергия жана ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Беларусь Республикасынын элине тынчтыкты, бейпилдикти жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

2021-жыл 3-июль