Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Палау ортосунда Дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин долбоорун жактыруу жөнүндө тескемеге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы менен Палау Республикасынын ортосунда Дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин долбоорун жактыруу жөнүндө тескемеге кол койду.

Кыргыз Республикасынын Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлүнө жогоруда  аталган Биргелешкен коммюникеге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укугу берилет.

2021-жыл 2-июль