Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өкмөттүн бир катар мүчөлөрүн кызматтан бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлык менен «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык:

— Мамытканов Максат Сүйүналиевич вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;

— Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;

— Сабиров Равшанбек Азатович вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;

— Аманбаев Бактыбек Абдилашимович Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси — министрдин кызматынан бошотулду;

— Мукашев Кыялбек Белекович финансы министринин кызматынан бошотулду;

— Жаманкулов Марат Тургунбаевич юстиция министринин кызматынан бошотулду;

— Муканбетов Санжар Турдукожоевич экономика министри кызматынан бошотулду;

— Токтогазиев Тилек Мурсалиевич мурда дайындалган айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызматынан бошотулду;

— Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич транспорт жана жолдор министри кызматынан бошотулду;

— Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан бошотулду;

— Солтонбекова Ализа Карыпбековна эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду;

— Тердикбаев Эрлис Жекшенович Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан бошотулду;

— Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду;

— Исмаилов Алтынбек Жапарович Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

2021-жыл 3-февраль