Чүй облустук аймактык ооруканасында 1-февралда жаңы балдар бөлүмү салтанаттуу ачылды.
Иш-чарага өлкө Президентинин Аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов катышты. Ал өз сөзүндө мамлекет жаңы ооруканаларды, социалдык объектилерди курууга жана аларды заманбап, алдыңкы жабдыктар менен жабдууга күч-аракетин жумшап жатканын баса белгиледи.
Чүй облустук ооруканасынын балдар бөлүмүнүн курулушу 2019-жылы араб кайрымдуулук фонддорунун биринин каржылык колдоосу менен башталган. Эки кабаттуу имаратта 20 койко-орун жана кыска мөөнөткө максатталган 10 койко-орун бар. Ошондой эле имараттын 1-кабатында стационардык бөлүм, дарылоо кабинети, каттоо кабинети жайгашкан.
Балдар бөлүмү бардык зарыл болгон эмеректер жана медициналык техникалар менен жабдылган.