Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Некролог — Рамис Рыскулов

Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. 2021-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл акыны, белгилүү акын, котормочу жана сүрөтчү Рамис Рыскулов 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган. Кызыл-Тоо мектебинин 7-классын бүтүргөндөн кийин кичинесинен зээндүү, окууга дилгир бала шаарга барып окуйм деп жол тартат. Педагогикалык окуу жайына тапшырып, аны 1951-жылы бүтүрөт. 1955-жылы Москвадагы ВЛКСМ БКнын алдындагы Борбордук Жогорку комсомолдук мектебин жана 1959-жылы Максим Горький атындагы Бүткүл союздук адабият институтун бүтүргөн. Эмгек жолун «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган. Андан кийин «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында, 1959-1960-жылдары «Ала-Тоо» журналында иштеген.

Р. Рыскуловдун 14 жашында жазган «Айтабыз алкыш атага» деген ыры «Кыргызстан пионери» газитине жарыяланган жана «Эки энем» аттуу ырына обон чыгарылган. Акындын туңгуч ырлар жыйнагы 1959-жылы «Жаз» деген ат менен жарык көргөн. Ал ошондой эле «Поклон земле», «Даңкан», «Шаттуу ырлар», «Дилбар», «Күлкү чачам», «Жаштык шаары», «Эки жөжө», «Ырлар», «Ай бөбөк», «Ыр нөшөрү» аттуу жыйнактардын автору. 1950-жылдардын ортосунда кыргыз поэзиясынын тематикалык мазмунун жаңылоо, кеңейтүү багытында демилге көтөргөн да Р. Рыскулов болгон.

Ал кыргыз адабиятында биринчилерден болуп кыргыз поэзиясын жаңы ыргак, уйкаштык формалар, жаңыча саптар менен байытып, кыргыз поэзиясында ак ырдын тамыр алышына өтө орчундуу эмгек сиңирди.

Акын А. С. Пушкиндин, Н. А. Некрасовдун, С. В. Михалковдун, С. А. Есениндин, В. В. Маяковскийдин, А. А. Вознесенскийдин жана Х. Алимжановдун ырларын кыргызча которгон.

Рамис Рыскулов жеке эле ыр жазбастан сүрөтчүлүк өнөрү менен да таанымал. 1987-жылы ал тарткан «Иисустун өнүгүүсү» жана «Жылмаюу» деген сүрөттөр Москвада өткөн элдик кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүнө коюлган. Ал ошондой эле Париждеги СССР элдеринин элдик кол өнөрчүлөрүнүн II фестивалына катышып, диплом алган жана фестивалдын лауреаты болгон.

1986-жылы поэзиядагы үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз маданиятына жана адабиятына кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1994), Кыргыз Республикасынын эл акыны (1995) деген ардак наамдар ыйгарылган.

2017-жылдын 12-декабрында ТҮРКСОЙ эл аралык уюму көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Жусуп Баласагын атындагы медалы менен сыйлаган.

2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарынын маданий өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы жана коомдук ишмердүүлүгү үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан «Бишкек шаарынын ардактуу атуулу» деген наам берилген.

Кыргызстан эли, маданий коомчулугу жана интеллигенциясы Рамис Рыскуловдун жаркын элесин түбөлүккө эсинде сактайт, ошону менен бирге маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

 

Т. Т. Мамытов, А. Э. Новиков, С. С. Касмамбетов, Р. И. Отунбаева, С. Ш. Жээнбеков, Э. Ж. Сурабалдиева, Р. А. Сабиров, Б. А. Аманбаев, Г.С Калиева, Г. С. Молдобекова, И.Ш. Өмүркулов, Ж. К. Турускулов, Н. К. Алимбеков, Б.Э. Төрөбаев, А. Т. Сулайманов, А. Т. Мамашева, Б. К. Райымкулов, А. Б. Бейшеналиев, Н. К. Кадырбеков, К. К. Ташиев, К. Б. Базарбаев, М. М. Мамытов, Б. Жакиев, М. С. Жуматаев, Н. Калыбеков, С. А. Раев, Ш. Дүйшеев, А. Өмүрканов, А. Рыскулов, М. Мамазаирова, Н. И. Ишекеев, Ж. У. Саралаева, М. И. Мияров, М. К. Карагулов.

2021-жыл 27-январь