Марокко Королу Мохаммед VI Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.
«Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара сый-урматка негизделген боордоштук мамилелерди чыңдоо жана калктарыбыздын жыргалчылыгы үчүн кызматташуубузду ар тараптуу илгерилетүү максатында Сиздер менен карым-катнашты улантууга кызыкдар экенимди айткым келет», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.